Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2023-жылдын 29-декабры № 52
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 151-беренесинин I-пунктунун I-пунктчасынын негизинде Бел-Алды айыл аймагынын Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү жергиликтүү салыктын түрлөрүн киргизүү жөнүндө
Бел-Алды айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн салык кызматынын убактылуу милдетин аткаруучусу В.Моңолдорованын кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 151-беренесинин 1-пунктунун I-пунктчасынын негизинде Бел-Алды айыл аймагынын Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү жергиликтүү салыктардын түрлөрү боюнча киргизилсин.
Айыл чарба багытындагы жер салыктары
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыктары
I-II-III-топтогу кыймылсыз мүлк салыктары
IV-топтогу кыймылдуу мүлк салыгы
Короо жайдын айлансындагы жер салыгы
2. Бул токтомду аткаруу жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Сартовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу бюджет комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык bel-aldy.gos.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрайым | Ж.Шарипова |