КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 14-февралы № 14/18
Токтогул райондук өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлорго өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Токтогул райондук өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлор 1. “Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылына эс алуучу паркын уюштуру” 2. “Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Арык айылына эс алуучу паркын уюштуру” боюнча Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1. 1. “Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылына эс алуучу паркын уюштуру” 2. “Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Арык айылына эс алуучу паркын уюштуру” долбоорлору жактырылсын.
2. 1. “Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылына эс алуучу паркын уюштуру” сметалык баасы 3 363 125 сом. 2. “Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Арык айылына эс алуучу паркын уюштуру” сметалык баасы 3 847 772 сом экендиги эске алынсын.
2. Долбоорлорду ишке ашырууда өздүк салымдын өлчөмү 1. “Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылына эс алуучу паркын уюштуру” долбооруна 336 000 (үч жүз отуз алты миң) сом, 2. “Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Арык айылына эс алуучу паркын уюштуру” долбооруна 385 000 (үч жүз сексен беш миң) сом болуп бекитилсин жана 2023-жылга “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемесинен бөлүнүп берилгендиги белгиленсин.
3. Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу жагы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алишеровго жана ФЭБ башчысы Г.Карымшаковага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Р. Жумабаевага тапшырылсын.
5. Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | К.А.Жумалиева |