Загрузка документа…
УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
2022-жылдын 25-августу № 28-28
Талас облусунун Манас районунун Уч-Коргон айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек араларын бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Манас районунун Уч-Коргонайылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы» аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттоого алынсын.
2. Талас областынын Манас районунун Уч-Коргон айылдык аймагынын ТОС “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Уч-Коргон айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.
3. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн/айылдык кеңештин ыйгарым укуктуу адиси тарабынан жүргүзүлгөн ТОС органдарын каттоо журналына киргизилсин.
4. Бул Токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимбаев жана туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Тукешовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Жакыпбеков |