Загрузка документа…
УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
2022-жылдын 19-сентябры № 28-39
Уч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу аксакалы” наамына көрсөтүү жөнүндө
Уч-Коргон айылдык аймагынын “Ардактуу аксакал” наамын берүү маселесин кезексиз сессияда талкууга салып
Токтом кылат:
1.Эргешов Байызбек элге кылган кызматтарын баалап Уч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу аксакал” наамына татыктуу деп табылсын.
2.“Ардактуу аксакал” наамынын төш белгисин жана лентасын жасатуу боюнча Уч-Коргон айыл өкмөт башчысы А.Акимбаевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Социалдык- маселелер , жаштар , спорт, маданият жана массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссия төрагасы Ж.Жанузаковго жүктөлсүн..
Төрага | А.Жакыпбеков |