Загрузка документа…
УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
2022-жылдын 19-сентябры №28-44
Айылдарды таза суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жанан инвестициялоо агентствосу менен Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн макулдашууну бекитүү жөнүндө,Уч-Коргон айыл өкмөт башчысы А.Акимбаевдин билдирүүсүн талкуулап айылдык кеңештин депутаттары
Токтом кылат:
1.Уч-Коргон,кеңеш айылдарын таза суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктурүү жана инвестиция агентствосу менен Уч- Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү менен макулдашуу жаныртылып бекитилсин.
2.Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Уч-Коргон айыл өкмөтү тийиштүү жумуштарды алып барсын.
3.Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жакыпбеков |