Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 1
“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо” (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Күмүштак АА ишмердүүлүгү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жеергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылдык коомчулукту инвестициялоо ассоциациясынын аткаруу кеңешинин (АА АКИА АК) төрайымы К.Н. Куланбаеванын маалымат-отчетун угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Күмүштак АА АКИА АК төрайымы К.Н.Куланбаеванын маалымат-отчету кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөт башчысы АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдап берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Мамыралиев А. |