Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 2
Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинде каралбаган айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы үчүн келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө.
Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинде каралбаган айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы үчүн келип түшкөн 786 500 (жети жүз сексен алты миң беш жүз) сом акча каражатын бөлүштүрүп берүү максатында Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 3111 (мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгым) беренесине Күмүштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер сатып алууга 360 000 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Маданият бөлүмүнүн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесине дүйнөлүк спорт оюндарынын чемпионатына барып келген спортсмендерге сыйлык берүүгө 170 000 (бир жүз жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Соц. бөлүмүнүн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесине кыз-келиндерди окутуучуга 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2215 (мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгым) беренесине 236 500 (эки жүз отуз алты миң беш жүз) сом акча каражаты “Күмүштак” муниципалдык ишкананын оңдоо-түзөө иштерине бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |