Редакцияот 19.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын

2024-жылдын 19-августу № 3

 

Күмүштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер тилке сатып алуу үчүн мурунку Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен жаңы көчөлөргө көпүрөлөрдү алууга бөлүнгөн акча каражатты жылдыруу жөнүндө.

Мурунку Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинде каралган жаңы көчөлөргө көпүрөлөрдү сатып алууга бөлүнүп берилген 200 000 сом акча каражатын спорткомплекс курууга жер тилке сатып алуу үчүн жылдыруу жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Турак-жай жана коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2215 (мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгым) беренесинен жаңы көчөлөргө көпүрөлөрдү алууга бөлүнүп берилген 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты спорткомплекс куруу үчүн Күмүштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер тилке сатып алууга бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.