Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 6
“Күмүштак” муниципалдык ишканасынын таштандылардан алынуучу тарифди жогорулатуу жөнүндө
“Күмүштак” муниципалдык ишканасынын таштандылардан алынуучу тарифди жогорулатуу жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын таштандылардан алынуучу тарифи 2024-жылдын 1-сентябрынан баштап ай сайын ар бир түтүнгө 50 (элүү) сомдон болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |