КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 7
Күмүштак айыл аймагына тиешелүү жер үлүштөрдүн жанынан чийдирип алган жайыт жерлердин, жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө жана өздөштүрүүгө берилген жерлердин ижара акыларын жогорулатуу жөнүндө
Күмүштак айыл аймагындагы жер үлүштөрдүн жанынан чийдирип алган жайыт жерлердин жана жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө, өздөштүрүүгө берилген жерлердин ижара акыларын жогорулатуу жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагындагы жайытка, жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө, өздөштүрүүгө ижарага берилип жаткан жерлердин аянттарына инвентаризация жүргүзүлсүн.
2. 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып аталган жерлердин ижара акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Жер үлүштөрдүн жанынан чийдирип алган жайыт жерлердин ижара акысы 1 жылга 1 гектарына 2000 сомдон болуп бекитилсин.
Жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө жана өздөштүрүүгө берилген жерлердин ижара акысы 1 жылга 1 гектарына 3000 сомдон болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |