Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 8
“Күмүштак” муниципалдык ишканасына караштуу айыл чарба багытында айдоо-сугат жер катары колдонулуп жаткан жайыт категориясындагы жерлерди трансформациялап айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба багытындагы жерлер категориясына же айыл чарба мамлекеттик фондусунун жерлерине (АЧМФЖ) өткөрүү жөнүндө
“Күмүштак” муниципалдык ишканасына караштуу айыл чарба багытында айдоо-сугат жер катары колдонулуп жаткан жайыт категориясындагы жерлерди трансформациялап айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба багытындагы жерлер категориясына же айыл чарба мамлекеттик фондусунун жерлерине (АЧМФЖ)өткөрүү жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Күмүштак” муниципалдык ишканасына караштуу айыл чарба багытында айдоо-сугат жер катары колдонулуп жаткан жайыт категориясындагы жерлер трансформацияланып айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба багытындагы жерлер категориясына же айыл чарба мамлекеттик фондусунун жерлерине (АЧМФЖ) өткөрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага жана айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |