Загрузка документа…
УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
2022-жылдын 13-декабры №28-48
Салыктардын зоналык коэффиценти жөнүндө
Уч-Коргон айылдык кеншинин депутаттарына Мамлекеттик салык кызматынын Манас району боюнча башкармалыгынын 2022- жылдын 2- декабрындагы № 056/22/3496сандуу катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, 2022- жылдын 18 январь айындагы № 4 салык Кодексинин 3 беренесинин ,3 пунктунун негизинде жер жана мүлк салыктарын зоналык коэффиценти жөнүндө талкууга салып
Токтом кылат:
1. 2022- жылдын 18 январь айындагы № 4 салык Кодексинин 3 беренесинин 3 пунктунун негизинде Жер жана мүл салыктарын зоналык коэффиценти Кз 1,1 болуп бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын Каржы бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучусу В.Умарова милдеттендирилсин.
3.Токтомдун көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссия төрайымы А.Мамажановага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Жакыпбеков |