Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 13
Күмүштак айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасын жана
анын курамын бекитүү жөнүндө
Күмүштак айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасын жана анын курамын бекитүү жөнүндөгү аксакалдар сотунун протоколун карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын аксакалдар сотунун курамы 2025-жылдын 1-июлуна чейин төмөндөгү курамда бекитилсин:
Күмүштак айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы болуп З.Бейшебаев бекитилсин.
Аксакалдар сотунун катчысы болуп А. Ниязалиева бекитилсин.
Аксакалдар сотунун мүчөлөрү болуп Т.Кулушев, К.Султанбаев, Н.Сыйдалиев, М.Барпиев, М.Салыбаев, О.Уметалиев, Б.Акматов бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Күмүштак айылдык Кеңешинин депутаттарына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |