Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 14
Коомдук жайларга видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотууга акча каражатын кароо жөнүндө.
Күмүштак айыл аймагынын коомдук жайларына видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу жөнүндөгү Бакай-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ж.Т.Канзамановдун 2024-жылдын 12-августундагы №24-6/2592 Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевге жолдогон катын угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын коомдук жайларына видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу жөнүндөгү Бакай-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ж.Т.Канзамановдун 2024-жылдын 12-августундагы №24-6/2592 Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевге жолдогон каты эске алынып коомдук жайларга (айылдын жолдорунун кесилиштерине, көпүрөлөргө, сейил бактарга жана эл көп чогулган жерлерге) видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу жагы 2024-жылдын IV кварталына планга киргизилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы бул токтомду аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын которуу үчүн 2024-жылдын IV кварталына планга киргизип, дайындалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын пландаштырып, камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттарынын жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |