Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 15
Кыргызстан айылындагы жаңы курулган жабык спорткомплексине Джаманкулов Сагынбектин ысымын коюу жөнүндө
Кыргызстан айылынын тургундарынан келген 2024-жылдын 19-августундагы № кириш сандуу кайрылууну жана ошондой эле Кыргызстан айылынын тургуну С.Джаманкуловдун 2024-жылдын 15-августундагы айыл өкмөт башчысына жолдонгон №Д-79 кириш сандуу арызын карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылындагы Джаманкулов Сагынбек атындагы стадиондун аянтында жайгашкан жаңы курулган жабык спорткомплекске Джаманкулов Сагынбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Спорткомплекстин ысымын коюу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга (Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесине, райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн) каттоодон өткөрүү боюнча иш аракеттерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттарынын регламент, депутаттык этика жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |