Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 19
Күмүштак айыл өкмөтүнүнүн карамагындагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасына заманбап экскаватор алуу боюнча долбоорлорду тандап тиешелүү фонддорго жөнөтүү жөнүндө
“Күмүштак” муниципалдык ишканасынын иштеп чыккан тиешелүү фонддорго сунуштала турган заманбап экскаватор алуу боюнча долбоорун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын иштеп чыккан тиешелүү фонддорго сунуштала турган заманбап экскаватор алуу боюнча долбоору жактырылып бекитилсин.
2. Аталган долбоор жумушчу топ тарабынан даярдалып, тиешелүү фонддорго жөнөтүлсүн.
3. Долбоордун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |