Редакцияот 19.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын

2024-жылдын 19-августу № 20

 

Күмүштак айыл аймагындагы Боо-Терек айылына жаңыдан таза суу системасын толук тартуу боюнча долбоорлорду тандап тиешелүү фонддорго жөнөтүү жөнүндө

“Күмүштак” муниципалдык ишканасынын иштеп чыккан тиешелүү фонддорго сунуштала турган Боо-Терек айылына жаңыдан таза суу системасын толук тартуубоюнча долбоорун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VIII сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын иштеп чыккан тиешелүү фонддорго сунуштала турган Боо-Терек айылына жаңыдан таза суу системасын толук тартуубоюнча долбоору жактырылып бекитилсин. 

2. Аталган долбоор жумушчу топ тарабынан даярдалып, тиешелүү фонддорго жөнөтүлсүн. 

3. Долбоордун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага милдеттендирилсин. 

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн. 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.