Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 21
Күмүштак айыл аймагынын жакынкы жайыт жерлерин жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө ижарага берүүгө тыюу салуу жөнүндө
Күмүштак айыл аймагынын жакынкы жайыт жерлерин жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө ижарага берүүгө тыюу салуу жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап, Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын жакынкы жайыт жерлерин жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө ижарага берүүгө тыюу салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |