Загрузка документа…
УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
2022-жылдын 13-декабры № 28-61
Видео камера орнотуу жөнүндө
Уч-Коргон айыл аймагына караштуу Чон-Капка айылына жана чөлкөмдүк инпектордун бөлүмчөсүнө видео камера орнотуу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып
Токтом кылат:
1.Чон-Капка айылынын Баялыш уулу Рахман орто мектебинин жанына жана Кенеш айылынын түндүк тарабында жайгашкан чөлкөмдүк инспектордун бөлүмчөсүнө камера орнотуу үчүн айыл өкмөт тарабынан 300 миң сом каражат бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу В.Умаровага жүктөлсүн.
3.Токтомдун көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссия төрайымы А.Мамажановага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жакыпбеков |