Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 23
Күмүштак айыл аймагынын №946-контурунда жайгашкан 57 гектар жайыт жерлерин Бакай-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Күмүштак айыл аймагынын №946-контурунда жайгашкан 57 гектар жайыт жерлерин тамчылатуу ыкмасы менен жашылдандыруу максатында 10 жылдык мөөнөткө Бакай-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын №946-контурунда жайгашкан 57 гектар жайыт жерлерин тамчылатуу ыкмасы менен жашылдандыруу максатында 10 жылдык мөөнөткө Бакай-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |