Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги 22- сессиясы
2024-жылдын 1-февралы № 3
Чолпонбай айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 6-главасынын, 57-беренесине ылайык Чолпонбай айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин жобосун бекитүүжөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин жобосу бекитилсин.
2.Чолпонбай айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин сапаттык курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Чолпонбай айылдык кенешинин төрагасы: |
| С. Токонов |
|
| Чолпонбай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 01-февралындагы № 3 токтому менен бекитилди. |
Чолпонбай айыл аймагынын аксакалдар кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы Жобо
Аксакалдар кеңеши аймактык өз алдынча башкаруу жааматынын коомдук органынын бир бутагы болуп эсептелет. Ал өз аймагында жашаган баардык аксакалдардын кызыкчылыгын коргоп, аларды социалдык жактан коргоо, айылдар арасында кадыр-баркын көтөрүүгө жана алардын коомдук тарбиялык иштерге активдүү катышуусуна жетишүүгө чакырат.
Аксакалдар кеңеши элдин биримдигин, достугун чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын, үрп-адат, каада-салтын өнүктүрүүгө, мамлекетибизде жүрүп жаткан саясий-маданий, экономикалык, социалдык жана чарбалык реформаны андан ары тереңдетүүгө, элдин күнүмдүк жашоо турмушун оңдоого, келечек муундарды тарбиялоого, Президентибиздин, Министрлер Кабинетинин саясатын колдоого, аймактын ар бир жашоочусуна багыт берип, аларды активдүү ишке тартат.
Аксакалдар кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 6-главасынын 57-беренесине ылайык түзүлөт.
Аксакалдар кеңешин уюштуруунун тартиби, укуктары жана милдеттери башка коомдук уюмдар, эмгек жамааттары менен болгон мамилеси ушул аксакалдар кеңеши жөнүндөгү жободо аныкталат.
Жобо айылдык кеңеште каралат жана бекитилет.
II Аксакалдар кеңешин уюштуруунун принциптери:
2.1. Аксакалдар кеңеши айылдык аксакалдардын демилгеси менен айылдын жалпы чогулушунда шайланат. Анын курамы 9-13 адамдан түзүлөт, ачык добуш менен шайланат. Аксакалдар кеңешинин курамынан айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу менен кеңештин төрагасы шайланат. Аксакалдар кеңешинин курамынын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгон талапкер анын төрагалыгына шайланды деп эсептелет.
2.2. Аксакалдар кеңешинин төрагасынын сунушу менен анын орун басары жана катчысы добушка коюлуп, жарымынан көп добушка ээ болгону шайланды деп эсептелет.
2.3. Зарылчылыгына жараша аксакалдар кеңешинин курамын толуктоо, жаңылоо айылдын аксакалдарынын жалпы чогулушунда кеңештин төрагасынын сунушу менен жүргүзүлөт.
2.4. Аксакалдар кеңешинин жогорку органы айылдын аксакалдардын жалпы жыйыны болуп эсептелет. Чогулуш зарылчылыгына жараша боло берет, бирок бир жылда анын бир ирет болушу шарт.
Аксакалдар кеңешинин жалпы чогулушунда айылдык экономикалык, маданий, социалдык абалына, айылда жашоочулардын эмгекке, тартипке, тазалык-тарбиялык иштерге, элдин жашоо турмушуна байланыштуу бардык маселе каралат.
2.5. Айылда жашоочу элдин айрым күндөлүк маселелери аксакалдар кеңешинин олтурумунда каралып чечилет. Олтурум зарылчылыгына жараша өткөрүлө берет, бирок айына бир ирет өткөрүлүүсү шарт.
2.6. Аксакалдар кеңешинин олтурумунун чечимдери сунуш катары кабыл алынат. Айыл аймагындагы ишкана, мекеме, менчигинин түрүнө карабастан жеке ишканалар анын сунуштарын кароого жана жооп берүүгө милдеттүү.
III Аксакалдар кеңешинин укуктары жана милдеттери:
3.1. Аксакалдар кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, буйруктарын, жергиликтүү бийлик органдарынын токтомдорун, буйруктарын, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин буйрук, токтомдорун жана ушул жобонун аткарылышын көзөмөлгө алып, аны толук жетекчиликке алуу боюнча айылдын бардык жашоочуларына багыт берип, акыл-насаат иштерин жүргүзөт.
3.2. Аксакалдар кеңеши эмгек ардагерлеринин, майыптарынын кызыкчылыктарын коргоо менен аларга материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүп, ар түрдүү жагдайлар боюнча жардам көрсөтүүлөрдү уюштурат.
3.3. Ардагерлердин кызыкчылыктарын көздөп ар түрдүү кайрылуу талаптар менен айылдагы бардык мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын, чарбалык (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилерине кайрылууга жана анын чечилгендиги тууралуу өз учурунда жооп берүүсүн талап кылат
3.4. Айылдагы ар түрдүү той-тамаша, шаан-шөкөттөрдү, кызды турмушка чыгаруу, баланы үйлөндүрүү, бешик тойлорду, туулган күндөрдү, юбилейлерди белгилөө, маркумдарды акыркы сапарга узатуунун тартибин бекиткен жобого ылайык өткөрүүнү коомчулуктан талап кылат.
3.5. Айылда жашаган атуулдардын биримдигин, достугун, бири-бирине болгон урмат, сый, назик мамилелерин чыңдоо, өз ара жардамдашуу, ар бир улуттун каада-салтын, үрп-адаттарын урматтоого багыт берип, насаатчылык-тарбиялык иш алып барат.
3.6. Айылдагы ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдү, чыр-чатактарды, талаш-тартыштарды, таарынычтарды күчөтпөсөтн өз учурунда териштирип, жөнгө салат жана жараштырат.
3.7. Ата-энелерди өз балдарын тарбиялоодо өзгөчө көңүл буруусуна, мектепте окуган балдардын окуусуна, дем алуусуна тиешелүү шарттарды түзүп берүүсүнө, мектеп менен байланышын чыңдоого өзгөчө көңүл бурат. Мектептен качып, көчө таптап, мушташып, тамеки тартып, арак ичип, ар түрдүү тоноолорго, уурулукка чаташып жүргөн балдардын ата-энесин олтурумда, шаардын жалпы чогулушунда талкуулап уяткарат, калган ата-энелерди алдын-ала эскертет.
3.8. Айылдык укук тартибин чыңдоого, аракечтикке, уурулукка, тоноочулукка, сойкулукка, ушакчыларга каршы алдын-ала акыл-насаат иштерин жүргүзүүдө, ар бир укук бузуу фактыларын аксакалдар кеңешинин олтурумунда талкуулап, тиешелүү чараларды көрөт.
3.9. Айылдын жаштарынын арасында акыл-насаат иштерин жүргүзүүгө, аларды биримдикке, боорукерликке, өз ара жардашуу, достук жана жолдоштук багытта тарбиялоого, жаштарга мээримдүүлүктү, чыдамкайлыкты, эрки күчтүү, бекем мүнөздүү Ата-Мекенди, эли-жерин сүйүүгө, аскердик милдетти чын жүрөктөн өтөөгө тарбиялайт.
3.10. Ишке жарактуулардын бардыгы айыл аймакта өткөрүлүп жаткан ишембиликтерге, арык, каналдарды чабууга, тазалоого, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, көрктөндүрүүгө сөзсүз катышуусун камсыз кылуу боюнча аксакалдар арасында сүйлөшүү аркылуу айыл өкмөт башчысына көмөк көрсөтөт.
3.11. Ар бир үй ээсинин үйлөрүнүн жанынан өткөн арыктагы сууларга кир, машина, жаман нерселерди жуубоосун, кирдин суусун, мончодон, дааратканалардан чыккан сууну арыктагы сууга агызбоону, химиялык заттарды, шыпырындыларды таштабоосун талап кылат, мындай фактылар кездешсе жалпы жыйынга салып уяткарат.
3.12. Ар бир үй ээсинин өз үйлөрүн өз учурунда иретке келтирип, шыбап, актап, эшик терезелерин сырдап турууга, бак-дарактарды олтургузуп, жолдордун чуңкурларына шагыл төгүп, суу сээп, шыпырып тазалоосун жана анын аткарылышына көзөмөлдүк кылып турат.
3.13. Көчөнүн аймагында жашаган ар бир үй-бүлө өздөрү жашаган үйдүн тушундагы электр мамычасына түнкү чырак орнотуп, түн ичинде жарык берүүнү камсыз кылуусун көзөмөлдөйт.
3.14. Ар бир үй-бүлө көчөгө чөп, көң, кык, топурак, шагыл, кум, таш, кирпич жана башка курулуш материалдарын ташып келип түшүрсө 3 күндүн ичинде жолдон ташып киргизип, өз жайына жайгаштыруусун талап кылуу, аткарбагандарды кеңештин олтурумунда талкуулап уяткарат.
3.15. Аксакалдар кеңеши жободо көрсөтүлгөн милдеттерден башка турмуш агымынан келип чыккан учурдун талабына ылайык айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин айрым тапшырмаларын элге жеткирип, анын аткарылышын талап кылып, көзөмөлдүк жүргүзөт.
IV Аксакалдар кеңешинин айылдык ишкана, мекеме, чарбалар, коомдук уюмдар менен мамилеси:
4.1. Аксакалдар кеңеши айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен иш алып барат.
4.2. Аксакалдар кеңеши айылдагы мекеме уюмдар, ишкана, чарбалар менен мамилеси Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 6-главасынын 57-59-беренелерине ылайык жана ушул жободо аныкталган милдеттерди аткаруу боюнча өз ара сүйлөшүү, макулдашуу аркылуу бир багытта иш алып барат.
4.3. Айылда «үлгүлүү үй», «үлгүлүү үй-бүлө», «үлгүлүү айыл» жана «Ардактуу атуул» сыяктуу өткөрүлүп жаткан тандоо иштерине катышат, көзөмөлдүк жүргүзөт. Аткарылган иштердин жыйынтыгын кеңештин олтурумунда талкуулап, кароо-сынактын жеңүүчүлөрү жөнүндө чечимди айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешке сунуштайт.
Чолпонбай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
|
Н.Бабеков |
Айылдык аксакалдар кеңешинин сапаттык курамы
01.02.2024-жылга
fg
№ | Ф.А. | Туулган жылы | Билими, кызматы | Жашаган дареги | Кеңештеги функционалдык милдети | Эскертүү |
1 | Ерматов Суйут | 1956-ж.т | Жогорку, пенсионер | Сатыбек №122 | Кеңештин төрагасы | 0554004827 |
2 | Аширалиев Кенеш | 1963-ж.т | Орто, жеке ишкер | Чолпонбай №109 | Кеңештин катчысы | 0707376758 |
3 | Тургунов Анарбек | 1946-ж.т | Орто Пенсионер | Чолпонбай №75 | Кеңештин мүчөсү | 0556124587 |
4 | Максымбеков Афтандил | 1958-ж.т | Орто пенсионер | Сапаров №46 | Кеңештин мүчөсү | 0550324997 |
5 | Темиркулов Эркин | 1958-ж.т | Орто пенсионер | Т.Тургунбаев №15 | Кеңештин мүчөсү | 0703488799 |
6 | Нуранов Жумагул | 1943-ж.т | Орто пенсионер | Т.Тургунбаев №57 | Кеңештин мүчөсү | 0555756162 |