ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги 22- сессиясы
2024-жылдын 1-февралы № 8
Чолпонбай айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айылдык кеңешинин 2024 - жылга иш планы бекитилсин (тиркеме 4 барак).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет комитетинин төрагасы Рамазан уулу Абайга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |
|
| Чолпонбай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 01-февралындагы №8 токтомуна тиркеме |
Чолпонбай айылдык кенешинин 2024-жылга ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
I квартал | |||
1 | Айылдык Кеңештин 2024-жылга карата иш планын бекитүү | Январь | Айылдык кенеш |
2 | Чолпонбай айыл аймагынын 2024-жылга карата бюджетин бекитүү | Февраль | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
3 | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселелерин кароо | Февраль | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү Жайыт комитети |
4 | Айыл аймактагы иштердин жалпы аткарылышы, айыл өкмөт башчысынын отчету | Март | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
5 | Чолпонбай айыл аймагындагы жугуштуу илдеттердин алдын алуу иштери жана ага карата аткарылган иштер жөнүндө (эмдөө, гуманитардык, социалдык жардамдар, медициналык, санитардык иштер тууралуу) | март | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү
|
6 | айылды жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы жөнүндө
| Март | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
II квартал | |||
7 | Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө | Апрель | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
8 | Айылдагы жазгы айдап-себүү, сугат, көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө
| Апрель | Айылдагы жазгы айдап-себүү, сугат, көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө |
9 | Коомдук тартипти коргоонун алдын алуу жөнүндө | апрель | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
10 | Айыл аймакка ички жана сырткы инвестиция тартуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана турак жайларды камсыздандыруу иштери жөнүндө | Май | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү
|
III квартал | |||
11 | Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери жөнүндө | Июль | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү
|
12 | 2024-жылга айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу | Июль | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
13 | 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу | Июль | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
14 | Айыл аймактагы 140 орундуу бала-бакчасынын курулушун көзөмөлдөө жөнүндө | Август | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
15 | Жергилдиктүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагын кантролдоо | Август | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
16 | Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча жана малдарды идентификациядан өткөрүү иштердин абалы жөнүндө | Сентябрь | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
17 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө | Сентябрь | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
18 | Айыл аймактагы маданият үйүнүн жана сквердин курулушун кантролдоо жөнүндө | Сентябрь | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
IV квартал | |||
19 | Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө | Октябрь | Айыл өкмөтү |
20 | Чолпонбай айылынын эли менен жолугушуу өткөрүп жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берүү | Ноябрь | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
21 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө | Ноябрь | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
22 | АК депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн адистеринин ишин баалап, сыйлыкка көрсөтүү | Декабрь | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү |
Айылдык кеңештин катчысы |
| Н.Бабеков |