ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Чолпонбай айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясынын
2024-жылдын 20-февралы № 1
Бириккен Чолпонбай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Чолпонбай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протокол бекитилсин.
2. Чолпонбай бириккен Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылдык кеңешинин Токонов Суйунтбек Шаршенбаевич шайланган төрагасы деп таанылсын.
3. Чолпонбай бириккен Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылдык кеңешинин орун-басарына Абдыкадыр уулу Нуржан шайланган орун-басары деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| С. Токонов |