ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2024-жылдын 15-марты № 2
Ак-Чий айылдык аймагынын “Ак-Чий айыл өкмөтү” мекемеси Чолпонбай
айылдык аймагынын “Чолпонбай айыл өкмөтү” мекемесине кошулуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370-катар сандуу Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү №52-токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Чолпонбай айыл аймагынын” айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айылдык аймагынын «Ак-Чийайыл өкмөтү» мекемеси менен Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айылдык аймагынын «Чолпонбайайыл өкмөтү» мекемесинин бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун Айтматов районунун «Чолпонбайайыл аймагынын айыл өкмөтү» болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Ак-Чий айыл өкмөтүнүн мекемесинин башчысы Айталиев Туран Максутовичке жана Чолпонбай айыл өкмөтүнүн мекемесинин башчысы Жамакеев Кенжекул Абдрасуловичке жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага |
| С. Токонов |