Редакцияот 15.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

2024-жылдын 15-марты № 3

 

«Чолпонбай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси

 түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын жана “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген убактылуу Жобону жетекчиликке алып, Ошондой эле Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген Жобону жана ошондой эле «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Чолпонбай айылдык Кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттардын II-сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун, Айтматов районунун, Ак-Чий айылдык аймагынын «Ак-Чийайыл өкмөтү» мекемеси жана Талас облусунун, Кара-Буура районунун, Чолпонбай айылдык аймагынын «Чолпонбайайыл өкмөтү» мекемеси бириктирүү жолу менен жаңыдан «Чолпонбай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесиболуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Чолпонбай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение «Айыл окмоту Чолпонбайского айыльного аймака»

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Чолпонбай айыл аймагынын айыл өкмөтү» м-и.

- Расмий тилде: У-е «Айыл окмоту Чолпонбайского айыльного аймака».

2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айылдык аймагынын «Ак Чий айыл өкмөтү»мекемесинин жана Талас облусунун, Кара-Буура районунун Чолпонбай айылдык аймагынын «Чолпонбай айыл өкмөтү» мекемесинин жаныдан түзүлгөн «Чолпонбай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине өткөрүп берүү актылары бекитилсин.

3. «Чолпонбай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

4. «Чолпонбай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Айтматов району, Чолпонбай айылы, Чолпонбай көчөсү №115 болуп аныкталсын.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага

 

С. Токонов