ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III-сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 1
Чолпонбай айыл аймагынын схематикалык картасы жөнүндө
Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чолпонбай айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III-сессиясыаталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Чолпонбай айылдык кенешинин төрагасына жана Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысына схематикалык картага кол коюу тапшырылсын.
Төрага |
| С. Токонов |