Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2024-жылдын 16-майы № 4
Чолпонбай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Талас районунун Комсомол (азыркы Көк-Ой) айылында 1936-жылдын 20-январында төрөлгөн, Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылынын тургуну 27 жыл катары менен үзгүлтүксүз Киров районунун мамлекеттик камсыздандыруу мекемесинде штаттык эмес агент-инспектору болуп эмгектенген Ашыралиева Тоту Эркинбековнага Чолпонбай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айылынын тургуну 27 жыл катары менен үзгүлтүксүз Киров районунун мамлекеттик камсыздандыруу мекемесинде штаттык эмес агент-инспектору болуп эмгектенген Ашыралиева Тоту Эркинбековнага Чолпонбай айылынын тургундарынын жана кесиптештеринин сунуштамасынын негизинде Чолпонбай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевке төш белгисин жана күбөлүгүн даярдатуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| С. Токонов |