Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2024-жылдын 16-майы № 5
Чолпонбай айыл аймагындагы Чолпонбай айылында Садыкова №52 дарегинде жайгашкан ФАПтын иш кагаздарын бүтүрүү үчүн акча каражатын кароо жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айылындагы Садыкова №52 дарегинде жайгашкан, ФАПтын иш-кагаздарын бүтүрүү үчүн пландалбаган кирешеден келип түшкөн акча каражатынан 100 000 (жүз миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты, бюджет комитетинин төрагасы Рамазан уулу Абайга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |