Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2024-жылдын 16-майы № 6
Чолпонбай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагындагы Молдо-Асан жана Жоон-Дөбө айылдарынын техникаларынын калкка кызмат көрсөтүү тарифтери жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагындагы Молдо-Асан жана Жоон-Дөбө айылдарынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүү тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин :
- погрузчиктин иштөө тарифи элге кызмат көрсөтүүдө саатына 3000 (үч миң) сом;
- коммерциялык кызматка саатына 4000 (төрт миң) сом;
- эксковатордун арыктарды казуу жана көмүү тарифи погондук метри 150 (бир жүз элүү) көлөмү чоң чуңкур казуу келишим баада болуп бекитилсин.
2. Чолпонбай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы бекитилген тарифтер боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| С. Токонов |