Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2024-жылдын 16-майы № 7
Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан салынуучу айып пулдун өлчөмү жана жайлоого чыкпай калган малдын санына чектөө киргизүү жөнүндө
Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайлоого чыкпай калган субай 5 башка чейинки кара малга жана 70 баштан ашпаган кой башына уруксат берилсин.
2. Айыл чарба өсүмдүктөрү жана бак тигилген жерлерге түшүп, зыян келтирген уй- жылкыга салынуучу айып пул ар бир башына 1000 (бир миң) сом, кой-эчкиге ар бир башына 200 (эки жүз) сом болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Чолпонбай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Сариев Аманга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| С. Токонов |