Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2024-жылдын 16-майы № 9
Чолпонбай айыл аймагынын Жийде айылындагы Талас-Тараз трассасынын жээгинде жайгашкан футбол талаасына Таластын Сары көбөн аймагындагы уруулардын беделдүү манабы болгон Жанкелди уулу Молдо Асандын (1815-1883) атын ыйгаруу жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айыл аймагынын Жийде айылындагы Талас-Тараз трассасынын жээгинде жайгашкан футбол талаасына Таластын Сары көбөн аймагындагы уруулардын беделдүү манабы болгон Жанкелди уулу Молдо Асандын аты ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| С. Токонов |