Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынынкезексиз сессиясы
2024-жылдын 29-майы № 4
Чолпонбай айылынан балык багууга жана эс алууга ижарага берилген жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Чолпонбай айылынын тургуну Бакыт уулу Канат Чолпонбай жайыт комитетинен ижарага алып, балык багып өстүрүп жаткан жайыт жерди трансформацияга берүү жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексизсессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айылынын тургуну Бакыт уулу Канат Чолпонбай жайыт комитетинен ижарага алып балык багып өстүрүп жаткан К-817 чөйрө сызыгындагы жалпы аянты 0,50 га жер аянты жайыт котегориясынан балык багуу жана эс алуучу жай категориясына трансформациялансын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдатуу жагы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл чарба жана жер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Абдрай уулу Нуржанга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |