Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 29-майы № 7
Муниципиалдык менчиктеги жерлердин ижара акысын көбөйтүү жөнүндө
Чолпонбай айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчиктеги жер участокторунун келишим мөөнөтү бүткөндөн кийин ижара акысын көбөйтүү жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясыаталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчиктеги жер участокторунун мөөнөтү бүткөндөн кийин ижара акысы төмөндөгүдөй болуп көбөйтүлсүн.
1.Сезон учурунда жашылчы-жемиш саткандарга 0,1 сотых (10м2) жер аянты 2000 (эки миң) сом айына ;
2. 0,1 – 1,0 сотых (10м2 - 100м2) жер аянты 10000 (он миң) сом жылына;
3. 1,0 – 2,0 сотых (100м2 - 200м2) жер аянты 15000 (он беш миң) сом жылына;
4. 2 сотыхтан (200м2) жогору ар бир м2 50 (элүү) сомдон.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдатуу жагы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты, бюджет комитетинин төрагасы Рамазан уулу Абайга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |