Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 29-майы № 8
Чолпонбай жайыт жер түрүнөн бакка берилген жерлердин ижара акысын көбөйтүү жөнүндө
Чолпонбай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жер түрүнөн көп жылдык бак-дарактарга берилген жердин ижара акысын көбөйтүү жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясыаталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жер түрүнөн көп жылдык бак-дарактарга берилген жерлердин ижара акысы жылына 1 га жер аянтына 2500 (эки миң беш жүз) сом болуп көбөйтүлсүн.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдатуу жагы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл чарба жана жер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Абдрай уулу Нуржанга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |