Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 29-майы № 10
Чолпонбай айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сый акы берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин 100 жылдык мааракесине жана каржы-экономика кызматкерлеринин күнүнө карата бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сый акы берүү жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана каржы бөлүмүнүн башчысы Айдаркулова Нурила Жеенбековнага жана сатып алуулар, материалдык баалуулуктардын эсебин жүргүзүү боюнча башкы адис Чауш оглы Дурсун Мамедовичке бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сый акы төлөнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты, бюджет комитетинин төрагасы Рамазан уулу Абайга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |