Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 29-майы № 13
Чолпонбай айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы күрөш залына желдеткич (вентиляция) орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633-катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун негизинде Айтматов районун өнүктүрүү фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын максаттуу жумшоо жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясыаталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айтматов районун өнүктүрүү фондусу аркылуу Чолпонбай айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы күрөш залына желдеткич (вентиляция) орнотуу үчүн 248 021 (эки жүз кырк сегиз миң жыйырма бир) сомго долбоор тапшырууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| С. Токонов |