Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынынкезексиз сессиясы
2024-жылдын 29-майы № 14
Чолпонбай айылдык кеңешинин 2023-жылы киреше бөлүгүнөн үнөмдөлгөн каражат жөнүндө
Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айылдык кеңешинин жергиликтүү бюджетинин 2023-жылы киреше бөлүгүнөн үнөмдөлгөн 3591,6 (үч миллион беш жүз токсон бир миң алты жүз) сом жана Ак-Чий айылдык кенешинин жергиликтүү бюджетинин 2023-жылы киреше бөлүгүнөн үнөмдөлгөн каражат 16 100 (он алты миң бир жүз) сом бириктирилсин.
2. 2024-жылдын 1- кварталында ЖКХ бөлүгүнө төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
3111 – 3591,6 – уруш залынын (бойцовый зал) курулушуна
2212 – 16,1 - аппарат бөлүгүнүн байланыш кызматына
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет комитетинин төрагасы Рамазан уулу Абайга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |