Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынынкезексиз сессиясы
2024-жылдын 29-майы № 15
Сарай салынган жерди мыйзамдаштырып берүүжөнүндө
Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Молдо Асан айылынын тургуну Р.Узеновага Ак-Чий аймагынын К-993 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,50 га түзгөн айыл чарба багытындагы жерге сарай салынып калгандыктан айыл өкмөтүнүн актысынын негизинде бир контурда жайгашкандыктан, мыйзамдаштыруу жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Молдо Асан айылынын тургуну Р.Узеновага Ак-Чий аймагынын К-993 контурунда жайгашкан сарайдын орду мыйзамдаштырылып берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдатуу жагы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл чарба жана жер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Абдрай уулу Нуржанга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |