Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2024-жылдын 26-июлу № 2
Чолпонбай жайыт пайдалануучулар бирикмесимнин тарифтери жөнүндө
Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бир жылдык жайыт акысы Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай, Көк-Дөбө, Жийде, Жоон-Дөбө айылдарынын тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- жылкы ар бир башына – 100 сом
- бодо мал ар бир башына – 100 сом
- кой-эчки, козу-улак ар бир башына – 20 сом
2. Чолпонбай жайыт комитетинин төрагасы бекитилген тарифтерди жетекчиликке алсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| С. Токонов |