Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2024-жылдын 26-июлу № 4
Жийде айылынын Кара-Суу көчөсүнө Кайназаров Акматалынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V- сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Жийде айылынын Кара-Суу көчөсүнө Жийде айылында жашап өткөн дыйкан Кайназаров Акматалынын аты ыйгарылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адисинин убактылуу милдетин аткаруучу Кенжебеков Максатка милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты айыл чарба жана жер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Абдрай уулу Нуржанга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |