Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2024-жылдын 26-июлу № 5
Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V- сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айыл аймагынын Жоон-Дөбө айылындагы кыш заводунун топурак алуучу жер аянтын кенейтүүгө макулдук берилсин.
2. Социалдык пакет боюнча берилген кыш 10 000 ден 20 000 ге көбөйтүлсүн.
3. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн тургундарына кыштын баасы 10 сомдон бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевке милдеттендирилсин.
Төрага |
| С. Токонов |