Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2024-жылдын 26-июлу № 8
Чолпонбай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Буура районунун Чымкент (азыркы Чолпонбай) айылында 1959-жылдын 20-январында төрөлгөн, көптөгөн жылдар бою ар кайсы кесипте үзгүлтүксүз эмгектенген жана көптөгөн “Ардак грамота”, орден, медалдын ээси Кенжешов Медетбек Акымбековичке Чолпонбай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айылынын кулуну, көптөгөн жылдар бою ар кайсы кесипте үзгүлтүксүз эмгектенген Кенжешов Медетбек Акымбековичке Чолпонбай айылынын тургундарынын сунуштамасынын негизинде Чолпонбай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевке төш белгисин жана күбөлүгүн даярдатуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| С. Токонов |