Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынынкезектеги V-сессиясы
2024-жылдын 26-июлу № 10
Чолпонбай жана Жийде айылынын К-105; К-607; К-671; К-644; К-643; К-646 жана К-1418 контурларындагы 9,0 га жерди трансформациялоо жөнүндө
Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектегиV-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай жана Жийде айылынын К-105 - 0,6; К-607 – 0,1; К-671 – 0,9; К-644 – 2,9; К-643 – 3,0; К-646 – 0,5 жана К-1418 – 0,6 контурларындагы жалпы 9,0 га жер аянты жайыт жер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жер участокторунун категориясына которууга трансформациялансын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдатуу жагы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл чарба жана жер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Абдрай уулу Нуржанга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |