Редакцияот 09.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы

2024-жылдын 9-августу № 1

 

«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Чолпонбай айыл аймагынын ишмердүүлүгү жөнүндө.

2021-ж 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча АКИА  А.К. төрагасы Боргемикова А. АА АКИА АК төрагасы Ак-Чий АКИА АК төрагасы Боргемикова А. маалымат-отчетун угуп жана талкуулап чыгып Чолпонбай айылдык кенешинин кезексиз сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Чолпонбай АА АКИА АК төрагасы Боргемикова А. маалымат-отчету кабыл алынсын.

2. АӨ башчысы АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүу жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы АӨ башчысына жана АК социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирлсин.

 

 

Төрага

 

С. Токонов