Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бириккен Семетей айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 21-февралы № 1

 

Бириккен Семетей айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

 

             “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бириккен Семетей айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №1 протокол бекитилсин.

 

2. Семетей бириккен Покровка жана Кайынды айыл аймагынын Семетей айылдык кеңешинин Т.У.Джапаркулов шайланган төрагасы деп таанылсын.

 

3. Бириктирилген Семетей айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Н.Б.Суранбаева шайлангандыгы белгиленсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов

 

 

 

 

2024-жылдын 21-февралы

 

Покровка айылы

 

Талас облусунун Манас районундагы бириккен Семетей айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

ПРОТОКОЛ №1 

Төрагалык кылуучу

 

А.Б.Томоева

 

 

 

Сессиянын катчысы

 

Н.Б.Суранбаева

 

Катышкандар:

Семетей бириккен Покровка жана Кайынды айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын саны -29, анын ичинен катышкандары -25

          “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаныгн алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобого ылайык, төрагалык кылуучу А.Б.Томоева бириккен Семетей айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.

             Бириккен Семетей айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна Кенжегараева У.Т. Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы өзүнүн талапкерлигин коюдан баш тартты. Джапаркулов Т.У.талапкер – Манас районундагы Семетей айыл аймагын түзгѳн айылдык кеңештин тѳрагасы ат салышкан.

1. Джапаркулов Т.У.-Семетей айылдык кеңештин тѳрагасы;

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды:

1. Бириккен Семетей айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны -29 түзөт.

2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны -25

3. Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны (алфавиттик тартипте):

 

1. Джапаркулов Т.У.-25 добуш.

 

Манас районундагы Семетей бириккен Покровка жана Кайынды айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды, ага ылайык депутаттардын кѳпчүлүк добушун алган талапкер Семетей бириккен Покровка жана Кайынды айылдык кеңешинин шайланган төрагасы деп таанылды.

 

 

Төрагалык кылуучу

 

А.Б.Томоева

 

 

 

Сессиянын катчысы

 

Н.Б.Суранбаева