СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Семетей айылдык кенешинин 26-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 6-марты № 4
«Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши»
мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабырындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Семетей айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык аймактык кеңеши” жана “Талас облусунун Манас районунун Кайыңды айылдык аймактык кеңеши” мекемелери бириктирүү жолу менен «Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесиболуп жаңыдан кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Семетейского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Семетей айыл аймагынын айылдык кенеши» м-и.
- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Семетейского айылного аймака".
2. ”Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык аймактык кеңеши» жана “Талас облусунун Манас районунун Кайыңды айылдык аймактык кеңеши” мекемелеринин «Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинеөткөрүп берүү актылары бекитилсин.
3. «Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. «Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Манас району Покровка айылы, М.Кояшев №63 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |