Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/31
Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун тарифин бекитүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагынын Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун тарифин бекитүү жөнүндө «Күнтуу” муниципалдык ишканасынын мүдүрү Ж.Т. Джакупбековтун кайрылуусун сессиянын отурумунда карап жана талкуулап, 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун негизинде Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык жайыт ресурстары (калктуу конуштун ичинде, республикалык жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолунун боюнда) – бир жылга 920 (тогуз жүз жыйырма) сом бир соткасына бекитилсин;
2. Орточо жайыт ресурстары – бир жылга 300 (үч жүз) сом бир соткасына бекитилсин;
3. Алыскы жайыт ресурстары – бир жылга 100 (жүз) сом бир соткасына бекитилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Күнтуу” муниципалдык ишканасынын мүдүрү Ж. Джакупбековго жүктөлсүн;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевге тапшырылсын.
Төрага | М.А. Тобоев |