Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/34
Маловодное орто мектебине К. Тыныстановдун атын ыйгаруу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагындагы Маловодное айылында жайгашкан Маловодное орто мектебине Касым Тыныстановдун атын ыйгарып берүү жөнүндө Маловодное орто мектебинин мүдүрү Т. Д. Бекболиеванын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген жобонун 10-пунктуна негизинде, 2021-жылдын 29-октябрында өзгөртүүлөр киргизилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №353 Токтомуна ылайык, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагындагы Маловодное айылында жайгашкан Маловодное орто мектебине Касым Тыныстановдун атын ыйгарып берүү үчүн Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев райондук билим берүү бөлүмүнө, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына кат жолдосун.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |