Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/35
Көчөнүн аталышы жөнүндө
Күнтуу айыл аймагынын Токбай айылындагы үчүнчү Проектируемая атындагы көчөгө “Дарика Усубалиеванын ” ысымын ыйгарыруу жөнүндө Токбай айылынын тургундарынын өтүнүч катын карап, талкуулап, Токбай айылынын Проектируемая көчөсүнүн тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, «Географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагынын Токбай айылындагы үчүнчү Проектируемая көчөсү “Дарика Усубалиева” көчөсү деп аталсын;
2. Ушул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевке жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |