Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/36
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Маловодное айылында жайгашкан, С.А. Кошоевтин жеке менчигинде турган идентификациялык коду №7-08-13-0020-0414, жалпы аянты 1,0 га анын ичинен №49 контурунда 0,6 га курулушта, №48 контурунда 0,4 га башка жерлер, нымдуу салфеткаларды чыгаруучу заводун куруу үчүн «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө 2024-жылдын 31-июлунда Сокулук райондук мамлекеттик администрация тарабынан №02-13/3893 катын карап чыгып, жер тилкелердин багытын которуп берүү боюнча райондук комиссиянын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,18- беренелерине ылайык Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Маловодное айылында жайгашкан С.А. Кошоевтин жеке менчигинде турган идентификациялык коду №7-08-13-0020-0414, жалпы аянты 1,0 га анын ичинен №49 контурунда 0,6 га курулушта, №48 контурунда 0,4 га башка жерлер багытында, нымдуу салфеткаларды чыгаруучу заводун куруу үчүн «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кунтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А. Тобоев |